АВТОРДУК КАЛЕМ АКЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:42, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОРДУК КАЛЕМ АКЫ, а в т о р д у к г о н о р а р (лат. gonorarium ‒ кызматы үчүн акы төлөө) ‒ илим, адабият, искусство ж. б. чыгармаларынын авторлоруна же алардын мурасчыларына төлөнүүчү акы. Автордук калем акы ошол чыгармаларды пайдалангандыгы (мис., басып чыгаруу, көрүүчүлөр алдында же радиоуктуруу жана телекөрсөтүү аркылуу берүү ж. б.) үчүн төлөнөт. Сүрөтчү, адвокат, дарыгерлердин эмгегине төлөнүүчү акылар да автордук акы катары эсептелет. Биздин өлкөдө акы төлөөнүн өлчөмү менен тартибин учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агентчилиги (Кыргызпатент) аныктайт.