АБСОЛЮТТУК ТЕМПЕРАТУРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:28, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСОЛЮТТУК ТЕМПЕРАТУРА – термод. теңсалмактуулуктагы макроскопиялык системаны мүнөздөөчү абал параметрлеринин бири. 1848-ж. У. Томсон (Кельвин) киргизген. Т символу менен белгиленип, Кельвин шкаласы (К) менен туюнтулат жана абс. нөл темп-радан баштап эсептелет. Нерсени эч убакта абсолюттук нөлдөн төмөн муздатууга болбойт. Цельсий шкаласы (t°C) б-ча аныкталуучу темп-ра менен T=t-1-273,16 К туюнтмасы аркылуу байланышат.