АБА ЫРАЙЫ БОЮНЧА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МААЛЫМАТ КЫЗМАТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:07, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБА ЫРАЙЫ БОЮНЧА ЬҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МААЛЫМАТ КЫЗМАТЫ – тез байланыштыруучу каналдар менен туташтырылган дүйнөлүк жана аймактык (улуттук) метеорол. борбордон туруучу система. Анын максаты – улуттук метеорол. кызматтын ишин жеңилдетүү жана жакшыртуу үчүн бүт жер шарындагы аба ырайы ж-дө маалыматтарды топтоо жана аларды аныктоону борборлоштуруу. Борбордо материал. топтоо жана аныктоо жумуштары автоматташтырылган түрдө жүргүзүлүп, жерг. метеорол. кызматтар үчүн даяр карталарды, күндөлүк жана боло турган аба ырайы, океандын абалы ж-дөгү маалыматтарды таратып турат.