«АЖАЛ ОРДУНА» драмасы
Jump to navigation
Jump to search
«АЖАЛ ОРДУНА» – кыргыз музыкалык драмасы. Драманын автору – Ж. Турусбеков (1934). А. Малдыбаев, Д. Ковалёв, П. Шубин драманын музыкасынын алгачкы вариантын 1934‑ж., ал эми соңку музыкалык редакциясын В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере жазган. 1938‑ж. сахнага коюлган. Режиссёрлору‑А. Куттубаев, В. Я. Васильев, дирижёру-В. Целиковский, сүрөтчүсү – Я. Штоффер болушкан. Баш каармандардын образдарын түзгөн туңгуч аткаруучулар: А. Куттубаева (Зулайка), А. Боталиев (Искендер), А. Малдыбаев (Бектур).
Тарыхый музыкалык драмада кыргыз элинин 1916‑жылдагы көтөрүлүшү сүрөттөлгөн. Элдик мотивдер менен профессионалдык музыканы чебер айкалыштыруунун натыйжасында «Ажал ордуна» музыкалык драмасы улуттук искусствонун жаңы баскычына көтөрүлгөн.