«БААТЫРЛАР АЛЛЕЯСЫ» МЕМОРИАЛЫ
Jump to navigation
Jump to search
«БААТЫРЛАР АЛЛЕЯСЫ» МЕМОРИАЛЫ ‒ Бишкек ш-нын Жаш гвардия бульварында курулган скульптуралык мемориал комплекс. Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 30 жылдыгына карата карата 1975-ж. ачылган. Сов. Союз. Баатырлары Ч. Түлөбердиев, Д. Шопоков, Н. Я. Ананьев, Г. Е. Конкин, И. В. Москаленко жана Г. А. Петренконун бюсттары, Кырг-ндык Сов. Союз. Баатырларынын жана Даӊк орденинин толук кавалерлеринин ысмы жазылган мемориал такта орнотулган (скульпторлор: Т. Садыков, Г. Тупый, В. Шестопал, Т. Досмагамбетов, З. Хабибуллин, А. Мухитдинов; арх. В. В. Курбатов).