«АМФИБИЯ»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:00, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(гр. amphibios – эки жактуу жүрүүчү) – кургакта, сууда жүрүүчү аскердик же транспорттук машина (танк, транспортёр, автомобиль, самолёт ж. б.). 1) Т а н к, транспортёр «А-нын» чөкпөстүгү анын жылчыксыз бүтөлгөн корпусунун сууга сыйымд. менен камсыз болот. Кыймылга келтирүү үчүн суу шилөөчү винт, каз тамандуу чынжыр (каз тамандуу техникаларда) сыяктуу механизмдер пайдаланылат. «А.» алгач биринчи дүйнөлүк согуштун учурунда даярдала баштаган. 1921–22-ж. АКШ менен Францияда «А-нын» танк үлгүлөрү жасалган. Кызыл Армия сууда сүзүүчү танк (Т-37) менен 1932-жылдан тартып куралданган. 2) А в т ом о б и л ь – «А.» адам жана жүк ташуу, аларды дарыя, көлдөрдөн өткөрүү максатында колдонулат. 3) Суудан жана жерден учууга, о. эле конууга ылайыкталган дөңгөлөк шассиси бар сам о л ё т – «А. »4)Аэрочана – «А.» – карда гана эмес, сууда сүзүп, күбүрдүү музда жүрүүгө ылайыкталган кайык-лыжалар.