«АВРОРА»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:53, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АВРОРА» – Балтика флотунун 1-рангадагы брондуу крейсери. 1900-ж. сууга түшүрүлгөн, 1903-ж. флот катарына кирген. 1904–05-ж. орус-япон согушунда Цусима салгылашуусуна катышкан. 1917-ж. 25-октябрда (7-ноябрь) «А-нын» замбирегинен атылган кур дүрмөт большевиктерге Кышкы сарайды алууга белги берген жана анын десанты куралдуу көтөрүлүшкө тике катышкан. 1948-ж. 17-ноябрда рев-янын эстелиги катары «А-нын» Нева д-нда түбөлүк туруусу белгиленген. 1956-ж. «А.» крейсеринде Борб. аскер-деңиз музейинин филиалы ачылган (Санкт-Петербург ш.).