АБДРАИМОВ Самудин

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:14, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Самудин (1944-ж. т., Ысык-Көл обл., Ак-Суу р-ну, Отуз-Уул айылы) – электрмеханик, техника илимд. доктору (1988), проф.

АБДРАИМОВ 623.png

(1989) , КРдин УИАнын корр. мүчөсү (2000), КР-нын эмг. сиң. ойлоп табуучусу (1983). ФПИни (1971) ж-a ошол эле жерде аспирантураны бүтүргөн.
КРдин ИАнын инженери, ил. кызматкер, лаборатория башчысы, Машина таануу ин-тунун директору (1993–95), КРдин инженердик академиясынын президенти (1991-жылдан),
Кыргыз тоо кен-металлургия ин-тунда кафедра башчы. 290дон ашык ил. эмгеги, анын ичинде 10 монографиясы жарык көргөн, 87 ойлоп табуунун, 16 патенттин ээси. Ил. эмгектери негизинен өзгөрүлмө структурадагы механизмдер ж-a тоо кен машиналарын түзүүгө, өркүндөтүүгө арналган.
Эмг.: Шарнирно-рычажные механизмы переменной структуры. Б., 1993; Построение механизмов пере менной структуры и исследование их динамики (ДСП). Ф„ 1990.