«АБРИСКИЛ» эпосу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:49, 6 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АБРИСКИЛ» – абхаз элинин баатырдык эпосу. Эпосто Абрискил баатырдын элин сүйгөндүгү, теңдик жана бакыт үчүн күрөшү чагылдырылат. Кудайга тобо кылып сыйынбаганы үчүн Абрискилге Кудай периштелерин жиберип, аны чынжыр менен үңкүрдөгү темир мамыга байлатып коёт. 19-кылымдын 70-жылдарынан тартып «Абрискилдин» түрдүү варианттары жазылып, орус тилинде жарыялана баштаган.