АЭРОКЛИМАТОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:39, 15 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЭРОКЛИМАТОЛОГИЯ, (аэрожана климатология) ‒ атмененын жогорку катмарындагы климаттык шарттар ж-дөгү илим; климатологиянын бир бөлүмү. Ал тропосферадагы жана стратосферанын төмөнкү бөлүгүндөгү климаттык шарттарды изилдейт. Көп жылдык байкоо менен радиозондоонун жана учуучу шар станциялардын маалыматтары А. үчүн негизги материалдар болуп эсептелет (к. Аэрология ). А-нын милдети ‒ негизги метеорол. элементтердин үч өлчөмдүү бөлүнүш жана өнүгүшүн эмпириялык жол менен аныктап, теориялык жактан түшүндүрүү. А-нын маалыматтары атмененын жалпы циркуляциясынын үч өлчөмдүү көрүнүшүн жана ага байланыштуу жер шарындагы темп-ранын, нымдуулуктун режимин аныктоого мүмкүндүк берет. Аба трансп. катнашын камсыз кылууда А-лык изилдөөлөрүнүн практикалык мааниси чоӊ.