АЭРОТЕРАПИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЭРОТЕРАПИЯ (аэро... жана терапия ) ‒ ачык абада организмди чыӊдоо жана дарылоо ыкмасы. Дарылоо жана ден соолукту чыӊдоо максатында колдонулат. Анын негизги максаты дененин сырткы темп-ранын терс таасирлерине чыдамдуулугун жогорулатуу болуп эсептелет. Таза абада болуу узактыгы жыл мезгилине, аба ырайына (абанын темп-расына, нымдуулугуна, шамал күчүнө) дененин чыдамдуулугуна, ден соолукка жараша болот. Ал санаторий-курорттук дарылоодо климат менен дарылоонун маанилүү бөлүгүн түзөт. Аба ваннасын кабыл алуу убактысы улам узартылып, нымдуу сүлгү менен сүртүнүү, душка, сууга түшүү менен айкалыштырылып жүргүзүлөт.