АМПИР
АМПИР (фр. empire – империя) – 19-кылымдын 1-чейрегиндеги архитектура жана жасалга өнөрүндөгү колдонмо стиль, классицизмдин, акыры. Императорлук Римдин, грек архаикасынын, Байыркы Египеттин көркөм мурасына таянган келишимдүү монументтик бөтөнчө формалар жана жасалгалар (аскер эмблемалары, оймо-чийме) мамл. күч-кубаттуулукту жана аскердик күчтү көрсөтүү максатында кызмат кылган. Ампир стили Наполеон 1нин империясынын мезгилинде Францияда пайда болуп, мемориал архитектурасы жана сарай интерьерлеринин шаңдуулугу менен айырмаланган (арх. Ш. Персье, П. Фонтен). Бир катар өлкөлөрдө ал наполеондук согушка
каршы күрөштө жеңип алган мамл. көз карандысыздыктын идеясын билдирген. Шаар куруунун, коомдук курулмалардын, шаардык жана чарбак үйлөрдүн (арх. А. Д. Захаров, А. Н. Воронихин, К. И. Росси, В. П. Стасов), монумент скульптуранын (И. П. Мартос, Ф. Ф. Щедрин) классикалык үлгүлөрүн берген орус ампири да улуттун энчиси болуп калды.