АЯНТ (геометрия)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:39, 28 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЯНТ г е о м е т р и я д а ‒ 1) геом. фигуралар менен беттердин сандык мүнөздөмөлөрүнүн бири. А. төмөнкү касиеттерге ээ: 1) терс эмес; 2) аддитивдүү; 3) жылдырууда сакталат; 4) бирдик квадраттын А-ы 1ге барабар. А-ты эсептөө байыртадан эле геометриянын негизги маселелеринин бири болгон. Байыркы грек окумуштуулары айрым фигуралардын А-тарын эсептөөнүн эрежелерин билишкен. Бул эрежелер Евклиддин «Башталыштар» аттуу жыйнагында теорема формасында берилген. Тегиздиктеги көп бурчтуктардын А-тары көп бурчтуктарды тик бурчтуктарга келтирүү аркылуу ченелет. Айрым А-тарды Кавальери принцибинин жардамы менен аныктоого болот. Ар кандай жалпак фигуралардын А-тары аныкталган интегралдын жардамы менен эсептелинет. Мис., төмөн жагынан (а, 0) жана (b, 0) арасындагы Ox огунун кесиндиси менен чектелген, ал эми жогору жагынан терс эмес жана [a, b] сегментинде аныкталган үзгүлтүксүз f(x) функциясы менен чектелген фигуранын А-ты интегралы менен туюнтулат (к. сүрөт).

АЯНТ 190.png

Көп грандыктын бетинин А-ы анын грандарынын А-тарынын суммасына барабар.

теӊдемеси менен берилген D бетинин туюк аймагынын аянты төмөнкү формула менен эсептелет:,мында ал эми rи жана rv болсо и жана v б-ча алынган жекече туундулар болот.

Б. Э. Канетов.