АМАЗОНКА ОЙДУҢУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:41, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМАЗОНКА ОЙДУҢУ, А м а з о н и я – Түш.Америкадагы табигый аймак. Амазонка д-нын алабын ээлейт. Негизинен Бразилиянын, о. эле Колумбия, Эквадор жана Перунун аймагында. Аянты 5 млн км2ден ашык. А-га Амазонка ойдуңу бүт, Гвиана (түндүгүндө) жана Бразилия

(түштүгүндө) бөксө тоолорунун жапыз капталдары кирет. Ойдуң тектон. ийилүүдөн (синеклизадан) орун алган. Экватор алкагынын табигый ландшафты толук сакталган кенен түздүктөрдөн турат. Батыш А-га накта экватордук ландшафт мүнөздүү. Мында жылдык жаан-чачын 3000 ммге чейин түшүп, дайыма суусу мол дарыялар көп, өсүмдүктөр менен жаныбарлардын эндемик түрлөрү бар экватордук токой (гилей) өсөт. Чыгыш А. дөңсөөлүү (бийикт. 350 мге жетет), дарыялары босоголуу, терең капчыгайлар менен агат. Жалбырагы күбүлмө токой басымдуу, айрым жеринде саванна кездешет. Калк сейрек отурукташкан, алар негизинен токой чарбасы, аңчылык кылып, балык  уулап, о. эле дыйканчылык менен кесип кылат. Кен байлыктары –марганец (Сьерра-ду-Навиу), калай (Рондония аймагы), алмаз жана алтын (Мадейра бассейни).Негизинен дарыялар аркылуу катташат. А-нын түш. бөлүгүнөн Бразилиядагы эң чоң жол – Трансамазонка автомобиль жолу өтөт.