АЛЬБЕРТА КӨМҮРЛҮҮ БАССЕЙНИ
АЛЬБЕРТА КӨМҮРЛҮҮ БАССЕЙ1НИ – Канададагы көмүр катмарлары жаткан ири аймак. Аянты 250 миң кмден ашат. Көмүрдүн жалпы запасы 220 млрд т анын ичинде чалгындалганы 40 млрд т 1960-жылдан казып алынууда. Аскалуу тоонун түн. бөлүгүндө Альберта алдынкы ийилүүсүндө жатат. Көмүр бор мезгилинин астынкы (калыңдыгы 1-15 м болгон 65 катмар) ж-а үстүнкү (калыңдыгы 1-2 м болгон 14 катмар), о. эле палеоген мезгилинин (калыңдыгы 3 м болгон 5 катмар) чөкмө тоо тек катмарларында жатат. Аймактын батышы таш көмүрдө, анын ичинде кокстолуучу көмүрдөн, о. эле антрациттен, чыгышы күрөң көмүрдөн турат. Көмүр аз күлдүү (6-9%), күкүртү аз (0,3%), жылуулук берүү энергиясы 25-30 МДж/кг. Көмүр энергетикада жана металлургияда пайдаланылат. Кокстолуучу көмүрдүн бир тобу Япония, Түш. Корея, Кытай, Индия ж. б. өлкөлөргө экспорттолот. Бассейндин аймагынан, о. эле нефть, күйүүчү газ, күкүрт кендери казып алынат.