АЛЫМБЕКТИН МЕДРЕСЕСИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:36, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

19-к-дын 50-жылдары Асан уулу Алымбек датка Ош калаасына Ак-Буура д-нын жээгине медресе салдырган. Медресенин үч дарсканасы, 28 намаз окуучу жайы жана жатаканасы болгон. 80–100дөй окуучу-молдолор окутан. Медресенин айланасында окуу жайдын соода дүкөндөрү жайгашкан. Соода-сатыктан түшкөн каражат медресенин муктаждыктарына жумшалган. Медреседе дин сабактары менен катар тарых, медицина, астрономия, география да окутулган. Өз убагында бул жерден көптөгөн билимдүү адамдар тарбияланып чыккан. Медресенин иши Октябрь революциясынан кийин токтолуп, атеисттик идеологияга байланыштуу 20-к-дын 50-ж-нда бузулуп жок кылынган. Медресе Кырг-ндагы алгачкы билим берүү мекемеси катары маанилүү.