АЛЧА
АЛЧА (Prunus divaricata Ledeb.) – роза гүлдүүлөр тукумунун кайналы уруусундагы мөмөлүү дарак; бийикт. 3-10 м, гүлү ак, мөмөсү тоголок,
сүйрү, өңү сары, кызыл, мала кызыл, кара кочкул, даамы кычкыл, салм. 15-35 г.
Илдетке туруктуу, көчөтү 2-3 жылдан кийин мөмө байлайт. Жапайы жана өстүрүлмө түрү Балкан ж. а-ында, О. жана Кичи Азияда, Иран, Түн. Кавказ, Украина, За-
кавказье, Молдавияда кездешет. Кыргызстандын түштүгүндөгү мөмө-жемиш токойлорунда ЗОдай жапайы түрү өсөт. Кийинки жылдары ири мөмөлүү А. өстүрүлө баштады. Бир түп дарагынан 8-10 кг түшүм алынат. Мөмөсүндө кант, алма жана лимон к-талары, С витамины болот. Андан компот, кыям, повидло ж. б. жасалат. Кеңири белгилүү сорттору: Изобильная, Малиновая, Десертная ж. б. Зыянкечтери: кара алтынчык, алма
шиш тумшугу ж. б. Илдеттери: клястероспориоз, вертицилёз.з.