АЛФЁРОВ Жорес Иванович
Jump to navigation
Jump to search
АЛФЕРОВ Жорес Иванович (15. 3. 1930-ж. т., РФ, Витебск ш.) – физик, СССР ИАнын академиги (1979), Лениндик сыйл. (1972), СССР Мамл.
сыйл. (1984), Нобель сыйл. (2000, X. Кремер менен бирге) лауреты. В. И. Ульянов – Ленин атн. Ленинград электр тех. ин-тун бүтүргөн (1952).
1953-жылдан Ленинград физ. – тех.ин-тунда ил. кызматкер,1958-жылдан ошол ин-ттун директору болуп иштеген. Россия ИАнын вице-президенти (1990–2002), Россия ИАнын Санкт-Петербургдагы ил. борборунун президиумунун председатели (1989-жылдан). Ал жаңы технологияны иштеп чыккан жана германий вентилинин констр-сын (1958), 1961-ж. кубаттуу германий түзөткүчүн түзүп, анын негизинде күчтүк жарым өткөргүч электроника пайда болгон. Гетероөткөөлдүн физ. мүнөздөмөсүн изилдеген жана ал жарык диодунда, күн батареясында, динистордо жана транзистордо, спутниктик телекөрсөтүүгө колдонулат. Эмг.: Двойные гетероструктуры: концепция и применение в физике, электронике и технологии [Нобелевская премия] // Успехи физических наук. 2002. Т. 172. вып. 9 (библ.).