АЛМАЗДУУ АСПАПТАР
Jump to navigation
Jump to search
‒ кесүүчү бөлүгү табигый же синтетикалык алмаздан жасалган жабдыктар. Ага жылмалоочу чарык, өгөө, алмаздуу кескич, кайрактуу (абразивдүү) аспаптарды курчута турган калем жана чыгырык (ролик), бургулоо аспаптары кирет. Аларды жасоодо күкүм же кристалл түрүндөгү алмаздар пайдаланылат. Колдонулушуна жараша алмаз күкүмдөрү орг. ийилгич (резиналык), металл ж. б. байланыш тыргычтары менен бириктирилет. Мында 100%түү кошулманын 1 мм3 катмарында 0,878 мг алмаз болот. Алар менен катуу куймалар, түрдүү констр-лык (кварц айнеги, карапа ж. б.) жана курулуш материалдары (бетон, мрамор, гранит) иштетилет.