АЛЛЮР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:28, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЛЮР(фр. alure, сөзмө-сөз ‒ жүрүү), ж ы л к ы ж ү р ү ш ү ‒ жылкы жүрүшүнүн түрлөрү. А. табигый (жылкынын атайын үйрөтүлбөй басышы ‒ басык, желүү, таскак, жорголоо, секирүү) жана машыктырылган жылкынын жасалма А. болуп бөлүнөт. Ал жылкы туягы жерге тийгенде чыккан кайталанма добуштун темпи б-ча, о. эле туяктын түрдүү аралыктагы изине жараша айырмаланат. Ар бир А-да буттарынын кыймылы ар башка жана ар кандай темпте болот. Эӊ жай, табигый А. ‒ басык, мында жылкы бутун ырааты менен диагональ б-ча (арышы 0,8‒2 м, ылдамдыгы 3,5‒7 км/с) таптап басат (4 темптеги А.). Тез, 2 темптүү А. ‒ ж е л ү ү деп аталат, анда жылкы бир эле убакта алдынкы оӊ жана арткы сол бутун алмак-салмак таштап (арышы 2‒2,5 м, ылдамдыгы 8‒10 км/с), таканчыктабай желет. Ж о р г о л о о 2 темптеги А., мында жылкы бир ыптасындагы эки бутун алдыга теӊ таштайт, желүүгө караганда арыш кичине болот. Т а с к а к ‒ 3 темптүү А., мында диагональ б-ча алгач алдынкы бир бутуна, андан кийин арткы бир бутуна, анан алдынкы экинчи бутуна таянып чуркайт (арышы 5‒8 м, ылдамдыгы 10‒60 км/с). С е к и р ү ү А-унда жылкы эки арткы буттары менен түртүлүп, секирет, секирип түшкөндө адегенде алдыӊкы буттарына, анан арткы эки бутуна таянып түшөт. Жылкынын бийиктикке секирүү рекорду 2,5, ал эми узундукка секирүүсү 8,3 мге чейин жетет. Жасалма А-га испан арышы жана испан желдирүүсү кирет. Мында жылкы алдынкы буту менен бийик секирип, ар кандай көнүгүүлөрдү жасайт (пассаж, пиаффе, пируэт, каприоль ж. б.). Мындай А. ат спортунда жана цирк жанрында колдонулат.

                                                                                                          Д. Акматова.