АЛИБИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:03, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(лат. alibi ‒ башка жерде) ‒ коомго коркунуч туу жосун жасады деп күнөөлөнүп жаткан адамдын кылмыш жасабагандыгын ырастаган далилдердин болушу же кылмыш жасалган учурда башка жерде болушу. Мындай учурда А. жазык ишиндеги материалдар менен далилденет же болбосо төгүнгө чыгарылат. А. далилденген учурда ал адам жазык жоопкерчилигинен бошотулат. Тергөөчү адамды актоо жана мыйзамсыз кармоонун же камоонун натыйжасында ага келтирилген мүлктүк зыяндын ордун толтуруу б-ча мыйзамда каралган бардык чараларды көрүүгө тийиш. Эгерде мындай чаралар көрүлбөсө, ал адам өзүнө келтирилген материалдык жана моралдык зыянды толугу менен өндүрүп алуу үчүн сот органдарына кайрылууга укуктуу.

                                                                                                                                                                                                                       К. Бодобаев, К. Курманов.