АНТРОПОГЕН МЕЗГИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:42, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТРОПОГЕН МЕЗГИЛИ (системасы), төртүнчүлүк мезгили – жердин геол. өнүгүү тарыхынын бүгүнкү күнгө чейинки уланып жаткан эң акыркы мезгили; стратиграфиялык шкаланын эң акыркы системасы (к. Геохронология). Узактыгы 0,6 млн жылдан 3,5 млн жылга че­йин деп эсептелет. 1823-ж. Бакленд бул мезгилди «дилювий» деп атаган. 1829-ж. француз окумуштуусу Ж. Денауайс төртүнчүлүк система­сы деп бөлгөн. 1922-ж. орус геологу А. П. Пав­лов мезгилдин башталышында адам баласы пайда болгондугуна байланыштуу антропоген (гр. antropos – адам, genos – пайда болуу) мезз­гили деп атоону сунуш кылган. Бирок кабыл алынган эл аралык стратиграфиялык схемасы түзүлө элек. Көбүнчө А. мезгили байыркы (эо), о р т о н к у (мезо), кийинки (нео), ‘‘‘плейстоцен жана голоцен деген 4 бөлүктөн турган (Qj, Qn, Qm, Q^) схемасы пайдаланылат. А. мезгилинде жер бетинде суу күч алып, климат өзгөргөн, азыркыдан үч эсе көп муз каптоолор жүргөн. Анын таасиринен өсүмдүктөр менен жаныбарлар кыргынга учурап, суукка чыдамдуу мамонттор, жүндүү кериктер гана жашоосун уланткан. Бирок кийин алар да толугу менен жок болгон. Адам баласынын пайда болулу­шу, өсүп-өнүгүү тарыхы А. мезгили менен тыгыз байланышкан. Мезгил ичинде ири тектон. кыймылдар жүрүп, Евразиядагы альпы бүктөлүү аймагын, Тынч океандын жээктерин, Теңир-Тоо, Алтай, Саян тоолорун кучагына алган. Азыр ­кы учурдагы жер титирөөлөр ошо кездеги тек­тон. кыймылдардын уландысы болуп эсептелет. Ал кездеги кургактыктар менен деңиздер азыркыга окшош келип материктерге континенттик чөкмөлөр (лёсс, алювий, пролювий, муз-көл чөкмөлөрү, эолдук кумдар ж. б.) кеңири тараган. Топурак кыртышы пайда болгон. Саздардан чым көң орун алган. Алтын, платина ж-а алмаздын чачынды кендери, курулуш материалдары топтолгон. Мезгилдин өз алдынча өзгөчө проблемалары жана изилдөө ыкмалары болгондуктан, төртүнчүлүк геологиясы деген илимий тармак келип чыккан.
Ад.: Марков К. К., Лазуков Г. И., Николаев В. А.Червертичный период, т 1-3, М., 1965-67; Чарыгин М. М., Васильев М. М. Общая и историческая геология. М., 1968..