АЛБАНДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:57, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛБАНДАР(өздөрүн шкиптар, шчиптар деп аташат) ‒ Албаниянын негизги калкы болгон Балкан эли. Косово, Түн. Македония, Сербия ж. б. өлкөлөрдүн түн.-батыш аймактарында жашашат. Жалпы саны 6,5 млндой киши, анын ичинде 2 312 356сы Албанияда (2011).
Албан тилинде сүйлөшөт. Балкан жарым а-нда жашаган байыркы элдерден. Кээ бир окумуштуулар А-дын этностук негизин иллириялыктар дешсе, айрымдары фракиялыктар деп эсептешкен. Римдин Иллирияны каратып алышы (б. з. ч. 2-к., б. з. 4-к.), Византия империясынын, славян мамлекетте ринин үстөмдүгү А-дын тилине жана мад-тына таасирин тийгизген. 15-к-дын аягынан 1912-ж. чейинки Осмон империясынын бийлиги А-да эмиграцияны күчөтүп, анын тарыхый өнүгүшүнө тоскоол кылган. Түрктөрдүн кысымы менен ислам динине өтүшкөн (17‒18-к.). 1912-ж. түрктөргө каршы улуттук-боштондук күрөшүнүн натыйжасында Албания көз каранды эмес мамлекет катары жарыяланган. Кийинки 1939‒44-ж. итал. жана германиялык баскынчыларга каршы күрөш да А-дын улут катары биригүү процессин күчөтүп, аларда улуттук аӊ-сезимдин өсүшүнө чоӊ таасир тийгизген. А. негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык менен кесип кылышып, таш менен салынган эки кабаттуу үйлөрдө жашашат. Эркектер улуттук кийим катары «фустанелла» (18-к), «тирчи» (19-к.) деп аталган көйнөк, жилет, жүндөн же тыбыттан жасалган баш кийим, аялдары саймаланган алжапкыч кийишип, күмүштөн жасалган кооздуктарды тагынышкан. Тамак-ашы негизинен жүгөрү жана буудай наны, эт, сүт азыктары.