АЛБАН ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:57, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛБАН ТИЛИ ‒ Албания Республикасынын мамлекеттик тили. Индевропа тилдеринин тобуна кирет. Болжол менен палеобалкан тилдеринен (мүмкүн, иллирий тилинен) өнүккөн болуу керек. Жазуу эстеликтеринин эскилери 15-кылымга таандык. Негизги диалектилери: гег (түн.) жана тоск (түш.) 19-кылымдын аягында түзүлгөн, азыркы албан адабий тилинде аталган диалектилик айырмачылыктар сакталган. Жазуу системасы латын алфавитинде, граммат. түзүлүшү ‒ флективдүү. Албан тилинде синтетикалык түзүлүш басымдуулук кылат, лексикасында роман, славян, жаӊы грек, түрк тилдеринен кирген сөздөр көп. К. Саматов.