АЛА БАТА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:52, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛА БАТА(Atriplex) ‒ шакардуулар тукумундагы чөп же бадал сымал өсүмдүк. Бир же эки жылдык отоо чөп. Жалбырагы кезектешип жайгашат. Топ гүлү ‒ машак, бир жыныстуу, аталык гүлү 5 муунактуу, энелик гүлүнүн көбү жан жалбыракчасыз. Мөмөсү бир уруктуу. Мелүүн жана субтропик алкактарында 200, Кыргызстанда 11 түрү (айрыкча татар А. б-сы) өсөт. Бутактуу А. б., ачык түстүү А. б. айдоо жерде, короо-жай, жол боюнда, татар А. б-сы шор жерде, пахта талаасында өсөт. Шор топурактуу чөл жана жарым чөлдө бадал жана бадал сымал, ак А. б. кезигет. Аны кой, уй, айрыкча төө жакшы оттойт.