АКЦИОНЕРДИК КООМ (АК)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:50, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (7)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКЦИОНЕРДИК КООМ) ‒ уставдык капиталы тийиштүү акциялардын санына жараша бөлүштүрүлгөн чарбакер коом; капиталды борбордоштуруу жана ири ишкананы уюштуруу формасы. АК эки түрдө болот: жабык АК жана ачык АК. Жабык АКда акциялар ошол коомдун уюштуруучуларына гана берилет жана ачык сатыкка түшпөйт. Ачык АК акциялары эркин сатылат жана сатып алынат. АКнын жогорку башкаруу органы акционерлердин жалпы чогулушу болуп эсептелет. Директорлор кеӊеши, байкоочулар кеӊеши акционерлердин жалпы чогулушунда шайланат. Облигациялардын ээси добуш укугуна ээ болбойт. Акционерлер чогулушу, эреже катары, жылына бир жолу өтөт. АК пайдасы салык төлөөгө, ишкананы кеӊейтүүгө, резервди көбөйтүүгө, менеджерлерге, кызматкерлерге эмгек акы жана сый акы төлөөгө жана дивиденддерди төлөөгө жумшалат. Дивиденддин өлчөмү ошол АКтын экон. ишмердигине жараша болот жана жыл сайын жогорку органы тарабынан белгиленет. АК Кырг-нда негизинен өлкөнүн экономикасын көтөрүү максатында чет өлкөлүк капиталды тартуу үчүн түзүлгөн. АК өзүнүн ишмердүүлүгүн коом кайрадан түзүлө баштаганда же жоюлганда токтототот.