АКИНО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:40, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКИНО Корасон (25. 1. 1933, Паники, Тарлак провинциясы, Филиппин – 1. 8. 2009, ошол эле жерде) – Филиппиндин президенти (1986–92); өлкөнүн тарыхында аялдардан чыккан би­ринчи президент. Аймактагы тектүү Кохуанг­конун тукумдарынан. Филиппиндин мамл. жана саясий ишмери, сенатор Акино Бенингонун (1932–83) жубайы. 1986‑ж. февраль айында Манил ш‑ндагы Ф. Маркостун диктатурасына каршы чыгып, анын кулашына алып келген массалык акциялардын натыйжасында бийлик­ке келген. 1987‑ж. демокр. конституция (азыр­кы күндө да күчүндө) кабыл алынган. Башка­руунун алгачкы жылдары А. «диктатуранын курмандыгы, демократиянын сактоочусу» ката­ры белгилүү болгон. Экономиканы модерниза­циялоо, жакырчылыкка жана коррупцияга кар­шы күрөшкө багытталган иш‑чараларды жүр­гүзгөн. Башкаруу элитасынын жана оппозиция­нын ич ара карама‑каршылыктарынын күчө­шүнөн улам анын жүргүзгөн саясаты натыйжа­луу болгон эмгек. Буга карабастан А. мөөнөтү аяк­таганча мамлекетти башкарып, бийликти демокр. жол менен жаңы президентке өткөрүп берген.