АКЕРЛОФ Джордж
Jump to navigation
Jump to search
(17. 6. 1940-ж. т. Нью-Хейвен) – амер. экономист. Информациялык экономика, макроэкономика, эмгек экономикасы, кайчылаш экономика жана социалогия тармактары б-ча эмгектердин автору. Негизги эмгеги – “Лимондор “ рыногу: сапаттын белгисиздиги жана рынок механизимдери”, мында ал колдонулган автомобилдер рыногун мисалга келтирип, бул акыры рыноктун жабылышына же сапаты начар продукциялардын чыгарылышына алып келерин изилдеп экон. анализ чыгарган. Новель сыйл. ээси (2001, М. Спенс жана Дж. Стиглиц менен бирге).