АКЕНЕЕВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:39, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКЕНЕЕВ Жумакадыр (22.1.1954‑ж. т., Ысык­Көл обл., Тоң р‑ну, Улахол совхозу) – эконо­мист, экономика илимд. доктору (1998), КРдин эмг. сиң. экономисти (1996). Фрунзедеги поли­тех. ин‑тун бүтүргөн (1976). Ошол эле ин‑тта окутуучу, айыл чарба экономикасынын ИИИн­да сектор башчы, КРдин Улуттук статкомите­тинин председатели, КРдин Айыл жана суу чар­ба министри, 2002‑жылдан КМУУнун профессо­ру. Айыл чарба экономикасын изилдөө б‑ча адис. 70тен ашуун ил. иштери жарыяланган. Негиз­ги эмгектери сугат жерлерди үнөмдүү, натыйжа­луу пайдалануу жана рынок экономикасынын маселелерине арналган.
Эмг.: Проблемы рационального использования оро­шаемых земель. Б., 1997.