АКВАТИНТА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:39, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (7), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(итал. acquatinta; лат. aqua – суу, tinto – түс) – терендетилген гравюранын бир түрү. Металл тактанын бетине асфальт чайыры же

Аквариум балыктары: 1- макропод; 2- карателес­коп; 3- цихлида тотукуш; 4- берметчен гурами; 5­пульхер; 6- пецилия; 7- эки түстүү лабео; 8- оранда.

канифоль күкүмдөрү (көп учурда экөө тең) менен тегиз себилип, ысытылат; күкүмдөр тактанын үстүнө майда чекитчелер болуп бекип калат. Ушундай жол менен пайда болгон чекмелик кыр­тышка (грунтка) сүрөт түшүрүлөт. К‑тага турук­туу лакты жебилгенин жардамы менен тартыл­ган нерсенин ак бойдон калчу жерине сүйкөшөт жана тактаны к‑тага салуу менен аны акырын оюп алышат. Бул ыкманы көп жолу кайталоо менен сүрөттү карартышат жана терең такты алышат. А‑нын гравюрасын жасап жаткан учурда к‑та күкүмдөрүнүн арасындагы көрүнгөн металл бөлүкчөлөрүн эритет жана тегиз эмес, одуракай үстүңкү бетке ээ болот, ал тактардан көчүргөндө ар кандай деңгээлдеги, түстөгү тактарды берет, к. Тереңдетилген гравюра. Көчүрмөдө А. тушь же акварель менен тартылган сүрөттү элестетет. А‑нын тех. ыкмалары менен материалдарын өзгөртүп жиберүүчү бир нече жасалыш ыкмала­ры бар. А. 17‑к‑дын 60‑жылдарында Франция­да пайда болгон. Көп учурда аны репродукция­лык техника катары пайдаланышкан.