АК КУУРАЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:19, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК КУУРАЙ(spiraled) – чанактуулар тукуму­нун уруусу, көп жылдык чөп өсүмдүк. Бийикт. 130 см, бозомтук, жыш түктүү, жыттуу, өзөк тамыры кыртышта терең өсөт. Сабагы тик, бу­тактуу, жөнөкөй жана татаал жалбырактуу, жалбырак сабы кыска. Мөмөсү – чанак, бир уруктуу, анын сырты түктүү. Дүйнөдө 130га жакын түрү субтропик аймактарда таралган. Кытайда жана Индияда айдалат. КМШ өлкө­лөрүндөгү 3‑4 жапайы түрүнүн көбү отоо чөп. Айрымдары жашылдандырууда, дары катары элдик медицинада, тамак‑ашка, а. ч‑сында тоют чөп катары, жеңил өнөр жайда була алуу үчүн кеңири колдонулат.