АК-ЧИЙ-КАРА-СУУ КӨРҮСТӨНДӨРҮ
АК-ЧИЙ-КАРА-СУУ КӨРҮСТӨНДӨРҮ ‒ б. з. ч. 6‒4-к. ‒ б. з. 1‒5-к-дагы сак жана гунн урууларына таандык археол. эстелик. Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү, азыркы Токтогул суу сактагычынын алдында калган Ак-Чий–Кара-Суу кыштагынын ордунда жайгашкан. Мүрзөлөр төрт чарчы келип, тереӊдиги 2 м болгон. үстү устундар менен кыналып, таш же топурак менен бастырылган. Алардан карапа, айнек идиштер, көп сандаган асемделген алтын жана күмүш буюмдар (шакек, сөйкө, медальон, скиф-сибирь айбанаттар стилиндеги сүрөттөрү бар буюмдар, коло мончоктор, тогоолор, күзгүлөр, о. эле канжар, кылычтын сыныктары, сооттор, жебелер, жаанын бөлүктөрү), айрымдарынан арча табыт табылган. Көрүстөнгө коюлган адамдардын сөөктөрүнө караганда ошол доордогу адамдар антропологиялык жактан монголоиддик аралашмасы бар европеоид тибине кирген.