АК-ТӨБӨ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:26, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ТӨБӨ‒ Казакстан Респ-нын түн.-батышындагы шаар. Ак-Төбө облҢнун адм. борбору. Илек д-нын боюнда жайгашкан. Темир жол бекети. Калкы 387,8 миӊ (2015). Автомобиль жолдор түйүнү. Эл аралык аэропорт. Феррокуйма, хром бирикмелери, а. ч. машиналарын куруу, рентген аппаратура ж. б. з-ддору, «Актюбинскхимпластмасс» өндүрүш бирикмеси, жеӊил, тамак-аш өнөр жайы иштейт Тогуз ЖОЖ (анын ичинде авиация), театр, 2 музей бар. 1967-ж. Казакстандагы 1-планетарий ачылган. 1869-ж. аскерий чеп катары негизделген. Шаарда Сов. Союз. Баатыры, көзгө атар мерген Алия Молдокулова туулган.