АК-ТУРПАК СЕЛЕНИТ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:26, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК=ТУРПАК СЕЛЕНИТ КЕНИ Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда, Ак-Турпак кыш-нан 3 км түштүктө, Сох өрөөнүндө. Кен аймагын палеоген мезгилинде пайда болгон кызыл түстүү карбонаттуу чөгүндүлөр түзөт. Кен чопо, аргиллит тектеринде «карст» процессинен пайда болгон Ак-Турпак үӊкүрүндө жайгашкан. Аргиллит жана селенит катмарлары тик жайгашып, үӊкүрдү бойлой батыштан чыгышка карай кетет. Селенит катмарлары кызыл (үӊкүрдүн түш. бөлүгүндө) жана боз (үӊкүрдүн түн. бөлүгүндө) аргиллиттер менен кезектешип жатат. Ал 5‒20 см калыӊдыктагы кабатча жана линза түрүндө кездешет. Өӊү кызгылт, агыш, тунук ак. Селенит нык, жибектей жалтырайт. Андан кооз буюмдарды жасоого болот.