АК-СУУ МӨҢГҮСҮ 1

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:00, 17 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АК-СУУ МӨҢГҮСҮ ‒ Түркстан кырка тоосунун түн. капталындагы татаал-өрөөн тибиндеги мөӊгү. Кожо-Бакырган суусунун алабынан орун алган. Уз. 6,5 км, аянты 6,5 км2, абляциясынын аянты 3,8 км2. Көлөмү 0,268 км3. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊг. 5000 м, этеги 3400 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4000 м. Фирн облусу карама-каршы жаткан эки циркти ээлейт. Каптал моренасын этек моренасы улай, дого сымал жалчаны пайда кылат. Мөӊгү чегинүүдө. Андан Ак-Суу суусу агып чыгып, Ак-Мечит суусунун курамы‒Кара-Сууга куят.