АК-САЙ КӨМҮР КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:23, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-САЙ КӨММҮР КЕНИ Нарын обл-нун Ак-Талаа р-нунда, Ак-Сай суусунун башатында, Жаман-Даван тоосунун түн. этегинде. Кен ж-дөгү алгачкы маалымат 1936‒39-ж. берилген. 1952-ж. издөө иштери, 1955‒56-ж. көмүр казып алуу үчүн 60 м тереӊдикке чейин штольня өткөн, 1957‒59-ж. издөө-баалоо, чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Көмүрлүү юра катмарында негизги кабат жана бир нече кабатчалар бөлүнгөн. Негизги кабатынын калыӊдыгы өтө өзгөрүлмөлүү жана кендин ар түрдүү бөлүгүндө ар кандай. Анын калыӊдыгы 0,05 мден 6,90 мге чейин өзгөрөт. Көмүрдүн сапаты, технол. касиети, петрографиялык курамы изилденбегендигинен кайсы маркага тийиштүү экендиги белгисиз. Көмүр айрым көрсөткүчтөрү б-ча таш көмүр, башка көрсөткүчтөрү б-ча күрөӊ көмүр метаморфизм стадиясына таандык. Орт. күлдүүлүгү 11,0%, орт. күйүү жылуулугу 28,24 МДж/кг (6746 ккал/кг). Эсептелген запасы (В+С12 категориясы б-ча) 183 миӊ т.