АК-БЕШИМ
Jump to navigation
Jump to search
АК-БЕШИМ (кыргызча ак; монголчо бешң – сарай, имарат; ак сарай, ак имарат, ак үй маанисинде; мурдагы аты – Чала‑Казак)– Чүй р‑ндагы кыштак. Ак‑Бешим айыл аймагынын борбору. Райондун борбору Чүй кыш‑нан 4 км түш.-батыш тарапта. Токмок темир жол бекетинен 5 км. Деңиз деңг. 970 м бийиктикте. Калкы 2161 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, өндүрүштүк окуу комбинаты, мончо, ФАП, мечит ж. б. бар.