АЙХАЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:27, 18 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЙХАЛ – Якутиядагы алмаздын ири кени; А. ш-на жакын. 1960‑ж. ачылып, 1961‑жыл­дан карьерден, 1997‑жылдан жер астынан (680 м тереңдикке чейин) казылып алынат. Алгач­кы запасы б‑ча Россиядагы эң ири 5 кендин бири. Калган запасы 40‑50 млн карат. Якутия алмаздуу провинциясындагы Далдын‑Алакит кимберлит талаасында жайгашкан. Ордовик, силурдун терриген‑карбонаттуу тоо тектерин жиреп чыккан, татаал конфигурациядагы, дээр­лик вертикаль багытындагы кимберлит түтүгү. Кратьер бөлүгүн чөкмө‑жанар тоо тектери, кимберлит туфтары (калындыгы 120 м), колкосун кимберлит брекчиялары түзөт. Курамында ал­маз өтө көп (орточо өлчөмү 5,5 карат/п), сапа­ты төмөн майда таштар басымдуу (ромбодо­декаэдр 60%), зергерлик калдыгы 25%ке чейин (1997‑жылга карата массасы 50 караттан аш­кан 7 алмаз өндүрүлүп алынган).