АЗОВ ДЕҢИЗИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:03, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (2), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗОВ ДЕҢИЗИ (лат. – Меот көлү, байыркы орусча – Сурож деңизи) – Атлантика океаны­нын алабындагы ички деңиз. Чыгыш Европа түздүгүнүн түш. бөлүгүндө. Керчь кысыгы аркылуу Кара деңиз менен туташат. Аянты 39 миң км2.Тайыз деңиздерге кирет; эң терең жери 13 м. Түн. жана түш. жээктери дөбө‑дөңсөөлүү, жардуу, батыш жана чыгыш жээктери негизинен ойдундуу. Жээктери булуң‑буйткалуу, кумдуу саяндар (Бердянск, Арабат Жебеси) жана булундар (Таганрог, Темрюк, Сиваш) көп. Дон жана Кубань д. куят. Суусунун темп‑расы жайында 20‑30°С, кышында 0°Сден төмөн. 2‑3 ай бою муз каптап жатат. Орт. туздуулугу 9дан 13,8%оге чейин. Балык (хамса, тюлька, лещ, судак көбүрөөк) кармалат. Кеме жүрөт. Волга‑Дон каналы ар кылуу Каспий, Ак, Балтика деңиздери менен туташат. Башкы порттору: Жданов, Таганрог, Ейск, Бердянск. Курорттору бар.