АЛБАНИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:57, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (20), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (47), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

, А л б а н Р е с п у б л и к а с ы Европанын түш.-чыгышындагы мамлекет. Балкан жарым а-нын батыш бөлүгүндө Адрия

АЛБАНИЯ32.png

жана Иония деӊиздерин жээктей 340 кмге созулуп жатат. Отранто кысыгы аркылуу Италиядан бөлүнөт. Түндүгүнөн жана түн.-батышынан Сербия, Черногория, чыгышынан Македония, түш.-чыгышынан Грекия менен чектешет. Аянты 28,7 миӊ км2. Калкы 2,8 млн (2011). Борбору ‒ Тирана ш. Акча бирдиги — лек. Адм.-айм. жактан 26 ретиге (адм.-айм. бирдикке) бөлүнөт.
==Мамлекеттик түзүлүшү.== А. ‒ унитардык мамлекет. А-нын Конституциясы 21. 10. 1998-ж. кабыл алынган. Башкаруунун формасы ‒ парламенттик республика. Мамл. башчысы ‒ президент, (жашы 40тан жогору, А-да төрөлгөн жана акыркы 10 жылда 6 жылдан кем эмес туруктуу жашаган жарандар шайланат). Президент кеминде 20 депутаттын сунушу менен парламент, тарабынан 5 жылдык мөөнөткө (дагы бир мөөнөткө кайра шайлануу укугу менен) шайланат. Президент Куралдуу күчтөрдүн Башкы командачысы болуп эсептелет, өкмөт мүчөлөрүн дайындайт. Мыйзам чыгаруучу бийликтин жогорку органы ‒ Чогулуш (Кувенд, бир палаталуу парламент). Ал 4 жылга шайланган 140 депутаттан турат (100ү бир мандаттуу округдардан, 40 мүчөсү парт. тизме б-ча шайланат). Аткаруу бийлигинин жогорку органы ‒ премьер-министр жетектеген министрлер Совети. А-да көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: Албания Соц. партиясы, Албания Демокр. партиясы, Албания Респ. партиясы, Албания Социал-Демокр. партиясы.
==Табияты== . Адрия деӊизинин жээктери түзөӊ келип, булуӊдары кургактыкка анчалык тереӊ кирген эмес. Деӊиз жээктей жазылыгы 15‒40 км келген дөбөлүү ойдуӊ созулуп жатат. Калган бөлүгүн альп бүктөлүүсүнө кирген Түн. Албан альп тоолору, Томори, Кораби тоо массивдери ээлейт. Түн. четиндеги Түн. Албан альп тоолору каньон сымал тереӊ өрөөндөр менен тилмеленген. Климаты субтропиктик жер ортолук деӊиздик. Түздүктөрдө жайкысын ысык, кургакчыл; кышкысын жумшак, нымдуу. Январдын орт. темп-расы 4‒7°С, июлдуку 25‒28°С. Жылдык жаан-чачыны 1000‒1800 мм. Негизинен күзүндө жана кышында жаайт. Тоолору кыйла салкын, кышында абанын темп-расы ‒20°Сге чейин

Тирана ш-нын жалпы көрүнүшү.
АЛБАНИЯ34.png

төмөндөйт; жылдык жаан-чачыны 2500 мм. Дарыялары тоолордон кууш тереӊ капчыгайлар аркылуу агып түшөт; ирилери: Дрин, Мати, Эрзени, Шкумбини, Семани. Шкодер, Охрид жана Преспа ж. б. көлдөрү бар. Жээк ойдуӊдарын маквис, шибляк тибиндеги дайыма жашыл бадалдар, тоо этектерин жана капталдарын жазы жана ийне жалбырактуу токойлор (өлкөнүн аймагынын 1/2 бөлүгү токой), 2000 м бийиктиктен жогору альп шалбаасы ээлейт.
==Калкы== . Калкынын 92%тен ашыгы албандар (түндүгүндө гегдер, түштүгүндө тосктор), о. эле грек, серб, болгар, цыган ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Мамл. тили ‒ албан тили (грек тилинде да сүйлөшөт). Калкынын 99%ке жакыны ислам динин (мусулман сүннөттөр), калгандары христиан динин тутат. Калкынын жашы нын орт. узактыгы эркектериники ‒ 72, аялдарыныкы ‒ 76 жаш. Орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 98,4 киши (2011). Шаар калкы 53,7% (2011). Ири шаарлары: Тирана, Дуррес, Шкодер, Влера, Корча, Фиери ж. б.
Тарыхы. А-нын аймагында адам ортонку палеолитте эле жашай баштаганы белгилүү. Б. з. ч. 7‒3-к-да гректер А-да бир катар колонияларды негиздеген. Б. з. ч. 4-к-да иллириялык уруулардын адепки мамл. бирикмелери түзүлө баштаган. Б. з. ч. 2-к-да азыркы А-нын аймагын (Далмация провинциясы жана Македония) Рим каратып алган. Рим империясы кыйраган кезде (5-к.) А. Византия империясына караган. 14-к-да бүткүл А-ны Серб королу Стефан Душан басып алган. 15-к-дын башында А-га түрктөр басып кирет. 1443‒68-ж. Скандербегдин кол башчылыгы астында албандыктар түрктөргө каршы күрөшкөн. 1479-ж. түрктөр А-нын бүткүл аймагын ээлеп, А. Осмон империясынын курамына кирет. Түрктөрдүн таасири менен ислам дини тарай баштаган. Жер. элдин түрктөрдүн үстөмдүгүнө каршы нааразылык көрсөтүү кыймылы куралдуу көтөрүлүшкө айланып, Түркия 1-Балкан согушунда жеӊилгенден кийин 1912-ж. 28-ноябрда А. көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланат, бирок улуу мамлекеттердин көзөмөлүнө өтөт. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда (1914‒18) А. согуш аракеттеринин майданы на айланат, согуштун аягында аны итал., сербиялык жана грекиялык аскерлер басып алат. Албандыктар көз каранды эместик үчүн тынымсыз күрөш жүргүзүшүп, баскынчыларды кууп чыгышат. 1920-ж. январда албандыктардын улуттук конгресси А-нын көз каранды эместигин жарыялап, Тирана ш. өлкөнүн борбору болот. А-нын бат-бат алмашылып турган өкмөтү маанилүү саясий жана экон. реформаларды жүргүзгөн эмес. Буга нааразы болгон албандык тар көтөрүлүшүп, натыйжада 1924-ж. июнь айында бурж.-демокр. рев-ясы ишке ашкан жана Ф. Ноли башында турган демокр. өкмөт бийликке келген. Ошол эле жылы Англия, Франция, Югославия, Италияга таянган А. Зогунун жетекчилиги менен контрреволюциячыл күчтөр демокр. өкмөттүн бийлигин кулатып, А-да аскердик диктатура режимин орнотот. А. Зогу 1925-ж. А. республика болуп жарыяланган соӊ (21-январь, 1925) президент, кийин 1928-жылдан өлкөнүн королу болуп калат. 1939-ж. Италия, 1943-ж. Германиянын аскерлери А. аймагын басып алат. 1943-жылдан А-нын Улуттук -боштондук армиясы түзүлүп, 1944-ж. өлкөнүн аймагы толугу менен бошотулат. 1946-ж. А. Элдик Республика деп жарыяланып, Албан эмгек партиясынын режими 45 жыл (1991-ж. чейин) өкүм сүргөн. 1989-ж. өлкөдө демокр. кайра куруулар жүргүзүлгөн. 1991-ж. апрелде Албан Респ. болуп кайра түзүлгөн жана анын алгачкы президенти Р. Алия шайланган. 1990–92-ж. А-да коммунисттик режим кулаган. Өлкө көп партиялуу системага жана базар экономикасына өткөн. А-дагы бийлик кезектешип А. социалисттик партиясы (негизинен өнөр жайы өнүккөн түш. региондор, лидери Эди Рама) жана А. демократиялык партиясы (негизинен өлкөнүн түндүгү, лидери Сали Бериша) менен алмаштырылган. Өлкөдө мурунку лидер Рамиз Алияны айыптоого аракет жасалып, бирок көчөдөгү башаламандыктын натыйжасында ал түрмөдөн бошотулган. 1992-ж. өткөн шайлоодо А-нын демокр. партиясы жеӊишке жетишип, С. Бериша өлкөнүн президенти болуп калган. 1997-ж. өкмөткө каршы нааразылык көрсөтүүлөр элдик көтөрүшкө айланып, куралдуу отряддарга таянган комитеттер уюшулган. 1997-ж. А. соц. партиясы жеӊишке жетишип, президенттикке Р. Мейдани шайланат. 1998-ж. жаӊы конституция кабыл алынган. 1999-ж. А-нын НАТОнун Косоводогу аракеттерин колдоосу А. менен Югославиянын ортосундагы мамилелердин солгундашына алып келген. Косоводо согуштук аракеттердин жүрүшүнө байланыштуу жарым миллионго жакын качкындар А-га убактылуу баш калкалашкан. 2001-ж. июлдагы президенттик шайлоодо «Мамлекет үчүн союз» солчул партиясынын блогунун өкүлү А. Моисиу жеӊишке жетишкен. 2002-жылдын июль айында А-нын президенти болуп А. Моисиу шайланып, Майконун кабинетин таркаткан. Жаңы өкмөттү Ал­бан­ со­циа­ли­сттик пар­тиясынын (АСП) лидери Фатос Нано жетектеген. 2003-ж. октябрда өткөн жерг. шайлоодо социалисттердин жеңишине кара бастан, 2004-жылдын февраль айында А-да коррупцияга жана өлкөнүн экономикасынын төмөндөшү үчүн айыпталган AСП бийлигине каршы массалык демонстрациялар болгон. 2005-ж. А. демокр. партиясынын өкүлү С. Бериша (1992–97-ж. А-нын президенти) өкмөттү жетектеген. 2011-ж. өлкөдөгү саясий кризис адам курмандыктары менен массалык баш аламандыкка алып келип, кайрадан бийлик алмашкан. 2012-ж. президенттик шайлоодо  демократиялык талапкер Буяр Нишани президент болуп шайланган. 2013-жылдан АСПнын өкүлү Эди Рама өкмөттү жетектейт. 2014-жылдын июнунда Евро союзга мүчөлүккө талапкердин расмий статусун алган. 2009-жылдын 1-апрелинен А. НАТОнун мүчөсү. А. 2009-ж. 29-апрелде Европа союзуна мүчө болуу өтүнүчү менен расмий кайрылган. 2010-жылдын 15-декабрында ЕС А-нын жарандары үчүн визаларын жокко чыгарган.
==Экономикасы==. А.‒агрардык-индустриялык өлкө. Экономикасынын башкы тармагы‒ а. ч-нын ички дүӊ продукциядагы (ИДП) үлүшү 47,6% (2003); өнөр жайынын ИДПдеги үлүшү 24,6%, туризм тейлөө чөйрөсү менен кошо 27,8%ти түзөт. ИДПнин көлөмү 31 млрд доллары түзөт, аны киши башына бөлүштүргөндө 11,4 миӊ доллардан (АКШ; 2014) туура келет. Өнөр жай өндүрүшүндө башкы орунду тоо кен казып алуу жана сырьёну кайра иштеп чыгаруу тармактары ээлейт. 2001-ж. 30 млн м3 газ, 0,5 млн т нефть (өлкөнүн түн.-батышынан, Семани д-нын алабынан казылып алынат), 250 миӊ т хром (Булькиза), о. эле жез (Рубику, Курбенши), никель (Поградец), темир (Охрид көлүнүн аймагы), лигнит, табигый битуму, минералдык сырьёлор казылып алынат. Жыгач жерг. керектөөлөр үчүн гана даяр Акча бирдиги ‒ лек. далат. 2007-ж. 2,9 млрд � кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Нефть ажыратуу (Фиери, Балши, Кучова, Церрик), нефть-химия жана химия (Влера, Фиери, Лячи), түстүү (Рубики) жана кара металлургия (Эльбасан), металл иштетүү жана машина куруу (Тирана, Дуррес, Шкодер, Влера), цемент, жыгаччылык, текстиль, тамеки (Шкодер), тамак-аш (зайтун майы, кант, балык жана жемиш консервалары) өнөр жайлары бар. А. ч. ички керектөөнү канааттандырбайт; буудай, азык-түлүктү сырттан алат. Дыйканчылык кургакчылыктан жабыр тартат; айдоо аянтынын 1/3 бөлүгү сугарылат. Аймагынын 21%и иштетилет, анын 1/2ин дан эгиндери ээлейт; жайыт 15%. Негизги а. ч. өсүмдүктөрү: буудай жана жү

Албан дыйкандары малбазарда.

гөрү, о. эле арпа, кант кызылча, күн карама, картөшкө, бакча өсүмдүктөрү, жашылча (буурчак, пияз, помидор, капуста, баклажан), тамеки, мөмө-жемиш (анын ичинде цитрус өсүмдүктөрү, шабдаалы), май алынчу өсүмдүктөр өстүрүлөт; жүзүмчүлүк өнүккөн. Мал чарбасынын негизги тармагы кой чарбасы, ал жайытта багылат. 2002-ж. 1,4 млндон ашык кой, 900 миӊ эчки, 800 миӊ бодо мал, 4,1 млн үй кушу болгон. Жылкы, эшек асыралат. Кустардык өндүрүшү (албан ак сыры) өнүккөн. Адрия деӊизинде балык кармалат. Негизинен автомобиль транспорту өнүккөн; автомобиль жолунун уз. 18 миӊ км (анын 30%и асфальтталган). Буна д-нда, Шкодер, Преспа, Охрид көлдөрүндө кеме жүрөт. Газ куурунун уз. 339 км, нефтиники 207 км (2004). Эл аралык аэропорту (Тирана ш-нан 25 км) бар. Влерада эл аралык аэропорт курулууда. Сырттан азык-түлүк, тиричиликте пайдаланылуучу товарлар ды, машина жана станокторду, жер семирткич ж.б. алат. Сыртка хром, жез, никель, битум, тамеки, шарап чыгарат. Негизги сырткы соода шериктери: Италия, Грекия, Түркия, Германия.
==Маданияты.== А-нын билим берүүсүнө илим жана билим берүү министрлиги жетекчилик кылат. Билим берүүнүн негизги регламенттик докумен ти болуп, ЖОЖдогу билим берүү (1999), билим берүү системасы (1995), жеке менчик окуу жайлардагы билим берүү (1995) жана жалпы билим берүүчү мектептердин нормативдик документте ри (1995) тууралуу мыйзам эсептелет. А-нын билим берүү системасы мектепке чейинки мекемелерди (2002; 3400), жалпы билим берүүчү мектептерди (1500 башталгыч, 1700 орто жана 500дөй толук орто), кесиптик жана ЖОЖ камтыйт. Эмгек министрлигинин астында 9 кесиптик жана жеке менчик кесиптик орто окуу жайлары, о. эле 8 ун-т (2004) бар. Ирилери: Тирана ун-ти (1957-ж. негизделген), а. ч. (1971), политех. (1991); Шкодер (1957), Корча (1971), Гирокастра (1971), Эльбасан (1991), Влёра (1994). А-нын башкы ил. борбору ‒ ИА 1957-ж. негизделген. Ири китепканалары: Улуттук (1922-ж. негизде лген) жана Тирана ун-тинин китепканасы. Негизги музейлери Тиранада (археология, 1948; улуттук мад-т, 1979; улуттун тарыхы, 1981; тарыхый ж. б.), Гирокастрада (этногр., курал-жарак ж. б.), Бератта [Онуфрия музейи (иконанын сүрөтүн жаратуучунун урматынан аталган), 16-к., улуттук иск-во, 1827; этногр., тарыхый, археол., 1988, ж. б.)], Корчада (А-нын орто к-дагы иск-восу, тарыхый, улуттук билими) жайгашкан. О. эле Влёрада эгемендүүлүк музейи, Дурресте тарых музейи, Бутринттеги (1950), Дурресте жана Аполонияда (1958) археол. музейлери бар.
Өлкөдө 92 гезит, 71 журнал (2004) басылып чыгат. 35 радио, 55 телевизиондук станция, 4 кабелдик канал иштейт. Күнүнө «Зери жана Популит», «Газета Шкиптарде», «Коха йоне», «Рилиндья демократике», «Спорти Шкиптар» гезиттери чыгат. Жалпы улуттук радиостанция ‒ «Тирана радиосу», «Топ Албания радиосу», телестанция ‒ «Ти-ви-эс-эйч» (ЕVSH), «Ти-ви-клан» (ЕV klan), «Ти-ви-Арбериа» (ЕVArberia) жана А. телеграф агенттиги (АТА) бар.
А-нын элдик оозеки чыгармасы ‒ баатырлар тууралуу эпикалык дастандарга, каада-салт, лирикалык ырларга, макал-лакапка, тарыхка бай фольклор. Бүгүнкү күнгө чейин жеткен албан тилиндеги жазма эстелик ‒ «Чокундуруу нун формуласы» (1462), А. тилиндеги алгачкы китеп («Мешари» диний мазмундагы котормо; Г. Бузуку) 1555-ж. чыккан. А. ад-ты 18-к-да жакынкы чыгыштын мад-тынан (бейтеджи ‒ 4 сап сатиралык, моралдык ж. б. маанидеги ырлар) таасирленишип, араб жазмасын пайдаланышып, өнүккөн. 19-к-дын 2-жарымы 20-к-дын башында Түш. Италияда жашаган (16-к.) арберештердин ад-ты маанилүү орунду ээлеген. 15‒16-к. гуманисттер: П. Буди, Ф. Барде, П. Богдани, М. Барлетенин чыгармалары жарык көргөн. 19-к-дагы жазуучулардан: И. Рада, Г. Дара, З. Серембе, А. Сантори; фольклорчулар Т. Митко жана С. Дине; публицист С. Фрашери; акын В. Шкордани (П. Васа) ж. б. белгилүү. Жаӊы ад-тына негиз салуучулардын бири Н. Фрашери болгон. 20-к-дын көрүнүктүү реалист акындары: А. Чаюпи, Асдрени (А. С. Дренова), Ф. Широка, Л. Гуракучи, Р. Силичи; прозаиктери: М. Грамено, Ф. Постели, Х. Стермили ж. б. 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде боштондукка чыгуу идеясын чагылдырган партизан поэзиясы күчөгөн. Алардын ичинен Ш. Мусаринин «Балы, Комбетар эпопеясы» (1944) көрүнүктүү орунду ээлейт. Фашисттик оккупациядан кийин (1939‒44-ж.), тоталитардык режим мезгилинде орус жана сов. ад-ттын (көптөгөн чыгармалар албан тилине которулган) таасири күчтүү болуп, А-нын ад-тында фашизмге каршы элдик күрөш тууралуу чыгармалар (Ф. Гьятынын «Партизан Бенко жөнүндө ыр» поэмасы, 1950; Д. Шутеричини н «Боштон дукка чыгаруучу» романы, 1952‒55) жарык көрөт. Ошол эле мезгилде социалдык багыттагы чыгармалар пайда болуп, 1960-жылдын аягында мемуар, повесть, романдар жазылган .
А-нын аймагында байыркы арх-ралык курулмалар б. з. ч. 7-к-дагы иллириялыктардын ташчептеринин калдыктары, о. эле колодон жасалган кооз буюмдары, байыркы гректердин (Аполлония, Бутринг) жана римдиктердин (Эльбасан) коргондору менен тосулган турак үйлөр, мозаика түшүрүлгөн имараттары ж. б-дын калдыктары да сакталган. 13‒14-к-да Византиялык типтеги чиркөө иск-восу (Ыйык Николай, Месопота мияда; Ыйык Проща, Лавдарда ж. б. соборлор) өнүккөн жана роман стилиндеги чиркөөлөр курулган; византиялык типтеги фрескалар 16-к-дан итал. Кайра жаралуу доорунун таасиринен өнүгөт. 17-к-дан шаарларда хансарай, мечит, үстү жабык базарлар салына баштайт. 19-к-дын 3-жарымында аристократтык мүнөздөгү портрет менен пейзаж живописи пайда болсо, 20-к-дын 1-жарымында импрессионизм жана модерн элементтери менен улуттук романтика тенденциясы

Албаниянын кээ бир аймактарында сууну чоподон жасалган кумгандарга сакташат жана ташышат.

басымдуулук кылган. Живопись менен графиканы С. Дзега, С. Рота, бир тууган эже-сиӊдилер С. жана А. Зенго, К. Илромени, С. О. Кацели, Н. Мартини, В. Т. Мио ж. б., скульптураны

19‒20-к-дын башталышы, шаардык үй.

Л. А. Ниццолы, Я. Пачо, О. П. Паскали, М. Топтании ж. б. өнүктүрүшкөн. 20-к-да шаарлар жана шаарчалар курулуп, живопись, скульптура

Бутринттеги театр, б. з. ч. 3-к.

жана графика жанрлары өнүгө баштап, алгачкы улуттук театрлардын курулушу драматургиянын өнүгүшүнө шарт түзгөн.
Профессионалдык муз. мад-ты 2-дүйнөлүк согуштан кийин өнүгө баштаган. Муз. мектептер (1947-ж. Тиранада), Й. Мисья атн. көркөм лицей, мамл. филармония (1950), мамл. опера жана балет театры (1956), мамл. элдик ыр жана бий ансамбли (1957) уюшулуп, 1962-жылдан мамл. консерватория иштей баштаган. К. Кононун «Таӊ» опереттасы жана «Борова баатыры» деген вокалдык-симф. поэмасы, Д. Лекинин элдик темада жазган увертюрасы, К. Траконун ораториясы, Ч. Задеянын 1-симфониясы А-нын профессионалдык музыкасынын туӊгуч чыгармала рынан. Г. В. Перкуни классикалык балетти алгачкылардан болуп койгон. 1951-ж. Б. В. Асафьев дин «Бахчисарай фонтаны», 1953-ж. Ч. Пуньинин «Эсмеральда» классикалык балети, 1968-ж. Тиранада П. Якованын «Скандерберг» операсы коюлган. А-да 1-театр оюндарын Тесторат кыш-

О. Паскали. «Скандербег».

ндагы театр ийрими койгон (1874). А-нын элдик музыкасы айрым аймактарына мүнөздүү болгон стилдин ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. Ыр-күүлөрү кылдуу, үйлөмө аспаптардын, скрипка, кларнет жана чоордун коштоосу менен үч обонго салынып аткарылат жана чифтели, ляхута, гайда, зумара, фюэли, даулэ урма аспабы менен коштолот. Биринчи кинофильми 1912-ж. Шкодерде, хроникалык тасма 1920-ж. Влёрада коюлуп, биринчи кинозал Тиранада 1926-ж. ачылган. Мурунку СССРдин жардамы менен 1952-ж. «Жаӊы Албания» киностудиясы ачылып, биргелешип «Албаниянын улуу жоокери Скандербег» фильми (1954, сценарийи М. Г. Паповдордуку, реж. С. И. Юткевич, оператор Е. Н. Андриканис), өз алдынча «Тана» кинофильми 1958-ж. реж. К. Дамо тарабынан, 90-ж. баатырдык, атуулдук жана аскерий мазмундагы кинофильмдер тартылган. 1976-жылдан Тиранада А. киносунун улуттук фестивалы (2-жылда 1 жолу). 1968-жылдан улуттук фольклор фести

Улуттук бий (Албаниянын түштүк бөлүгү).

валы (Гирокастрада, жыл сайын), 1998-жылдан И. Крои атн. вокалисттердин (Тиранада), 2000-жылдан музыкант аткаруучулардын эл аралык конкурстары өткөрүлүп турат. Салт болуп калган кол өнөрчүлүгү ‒ күмүш зергерчилиги, жыгачка оймо түшүрүү жана жүндөн килем токуу, сайма саюу, карапа жасоо алигүнчө сакталып келүүдө.
Ад.: Лук Г. Албания (Физико-географический обзор). М., 1948; Валев Э. Б. Албания. М., 1972; Краткая история Албании; С древних времён до наших дней. М., 1992; Юткевич С. И. Искусство народной Албании. М., 1958; Народное искусство в Албании, Тирана, 1959. Р. Карачалова, А. Орозов, Ш. Керимова, Ж. Абдилова.