АДЫР-ТӨР МӨҢГҮСҮ
Jump to navigation
Jump to search
АДЫР-ТӨР МӨҢГҮСҮ Сары‑Адыр-Төр мөңгүсү -Жаз кырка тоосунун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Сары‑Жаз суусунун жогорку сол куймасы Адыр‑Төр суусунун алабында, Мушкетов мөңгүсүнүн түш. тарабында жайгашкан. Уз. 6 км, аянты 11,0 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5580 м, этеги 3450 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4000 м. Абляциясынын аянты 4,2 км2. «Тили» 1943‑ж. өтө чегинип, тыгыз абалда болгон. 1959‑ж. ал 540 мге алдыга жылып, Мушкетов мөңгүсү жаткан өрөөнгө чыккан. Негизинен кар көчкүлөрдөн куралат. «Тилинин» учунан фирн обл‑на чейинки бети төө карын (морена) сымалданып тегиз эмес, жаракалар арбын. Мөңгүдөн агып чыккан суу Адыр-Төргө сол жактан куят.