АДВЕНТИКА ОРГАНДАРЫ
Jump to navigation
Jump to search
АДВЕНТИКА ОРГАНДАРЫ (лат. adventicius келгин, адаттан тышкары) – өсүмдүктүн калыптанып бүткөн бөлүктөрүнүн адаттан тышкары жеринде, экинчи түзүүчү ткандардан пайда болгон көмөкчү органдар (бүчүрлөр, тамырлар).Мис., адвентивдик бүчүрлөр адаттагыдай сабактын учуна же муунуна – жалбырак колтугуна чыкпастан, сабактын муун аралыгында, жалбыракта жана тамырда пайда болот; ал эми адвентивдик тамырлар сабактан, жалбырактан өсүп чыгат. Алар өсүмдүк шагын, тамыр системасын байытат, кээде негизги тамырларга тете болот.
А.Мурсалиев.