«АПОЛЛОН»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:01, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (6), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (8)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АПОЛЛОН» – АКШнын Айга учуучу 3 орундуу космос кемелеринин сериясы жана аларды учуруу программасы. Программада 1961-ж. «�А.» космос кемесин жана «Сатурн-5» оор ракета алып жүргүчүн, тех. жана старт комплексин, учууну башкаруунун командалык ченөө комплексин куруу каралган. «А.» кемесинин массасы 47 тга жакын, уз. 17,68 м. Старт алдында жана орбитага чыгарганда кабина ичиндеги аба 60% кычкылтектен, 40% азоттон турат. Ай бетинде 3-4 с иштеп, жашоону камсыз кылуучу автономдуу система пайдаланьшат. Учуу-конструкциялык сыноо процессинде «Сатурн-5» ракета алып жүргүчү жана «А.» космос кемеси 10 жолу чкан. Анын алтоо учкучсуз («А.-1» – «А.-6»), төртөө («А.-7» – «А.-10») учкуч менен учурулган. Учуруулар Жерге жакын учуучу «Сатурн-1В» жана Жерден алыс учуучу «Сатурн-5» ракета алып жүргүчтөрү менен ишке ашырылган. 1969- 72-жылдарда Айга 7 жолу учурулуп(«А.-11» - «А.-17»), алардын алтоо Айга конгон, бирөө («А.-13», 1970) экснедициянын негизги блогунун энергия менен камсыздоо системасы бузулуп, космос кемеси Жерге кайткан. «А-дун» Айга учушу 8-12 �шу 8-12 суткага. жетип, Айда болуу убактысы 21,5-75 с-га эсептелген. 1969-ж. 21-июлда «А.-11» кемесинде Н. Армстронгжана Э. Олдрин (экипаждын үчүнчү мүчөсү М. Коллинз айга жакын орбитада негизги блокто калган) Ай бетине конушкан. Алардын негизги максаттарынын бири Жерге Ай топурагынан алып келүү болгон. Ай орбитасына жеткенде экөө Ай кабинасына өтүп, аны менен Айга конгон, тапшырмалар аткарылгандан кийин ошол кабина менен кайра учуп, ал орбитада калган орбиталык кеме менен кайрадан бириктирилип, Жерге кайтып келген. «А.-15» (1971), «А.-16» жана «А.-17» (1972) Ай экспедицияларында Айга эки орундуу «Ровер» планетоходу астронавттарды Ай бетине түшүргөн. 1972-ж. «А.» ишин аяктаган. Ад.: Шамсутдинов С., Маринин И. Аполлон американский: [К истории лунной пилотируемой программы] // Авиация и космонавтика. 1993. № 8, 9/10. 1994. №1/2./2.