АНТИКАЛЫК ФИЛОСОФИЯ
Jump to navigation
Jump to search
АНТИКАЛЫК ФИЛОСОФИЯ (б. з. ч. 7–6-к. калыптанган – грек антика философиясы) – мүнөзү жана мазмуну, өзгөчө филос. методу менен байыркы чыгыш филос. системаларынан айырмаланат. Анын өнүгүшүн болжол менен 4 этапка бөлүп көрсөтүүгө болот: 1) Сократка чейинки этап, ошол мезгилдин философторун досократиктер деп аташкан. 2) Классикалык этап. Ал Сократтын, Платондун жана Аристотелдин таасири жана ишмердүүлүгү менен мүнөздөлөт. Бул мезгилдеги эмгектердин көпчүлүгү эллинистикалык этап катары аныкталган. 4-сү ошол кездеги чечүүчү күчтөрдүн бири болуп турган Римге туш келет. Көп жагынан ал грек мад-ты менен байланыштуу, о. эле христиан философиясы калыптанат.
Ш. К. Алиева.