АГАНОЗЕРО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:32, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АГАНАОЗЕРО КЕНИ‒ Европадагы хромдун ири кени. Карелияда, Пудож ш-нан 40 км түн. тарапта жайгашкан. 1984-ж. ачылган; 2007-жылдан өнөр жайлык деӊгээлде казылып алынмакчы. Чалгындалган запасы 8 млн т (Cr2O3 орт. өлчөмү 22‒23%). Магма ‒ стратиформ геол.-өнөр жайлык типтеги кен. Кен алгачкы протерозойдун Бураков ‒ Аганозеро базит-ультрабазиттүү катмарланган массивинин түн.-чыгыш блогунда топтолгон. Долбоор б-ча Аганозеро тоо-кен-байытуу комбинаты жылына 1200 миӊ тга чейин кен сырьёсун казып алмакчы.