БАГЛАНОВА Роза

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:46, 16 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАГЛАНОВА Роза (1. 1. 1922-ж. т., Кызыл-Ордо обл., Казалы ш.) ‒ ырчы (сопрано), Казак ССР эл арт. (1955), СССР эл арт. (1967). 1939‒41-ж. Кызыл-Ордо пед. ин-тунда окуган. Өнөр жолун Ташкент филармониясынын ыр-бий ансамблин де ырчы болуп баштаган. Ошол ансамбль менен Улуу Ата Мекендик согуш жылдары фронттогу жоокерлерди эрдикке шыктандырган ырларын тартуулап, 1945-ж. 9-майда Берлиндеги жеӊиш концертине катышкан. 1947‒49-ж. Казак опера жана балет театрынын, 1949‒60-ж. Казак филармониясынын,1960-жылдан Казак концерттин ырчысы. Б. казактын элдик жана композиторлордун ырларын, чет элдик (венгр, өзбек, кыргыз, тажик, украин, грузин, азербайжан, корей, кытай, орус, индия, моӊгол ж. б.) ырларды, эстрадалык чыгармаларды чебер аткарган. Ал 1946-ж. Москвада өткөн Бүткүл союздук эстрада ырчыларынын 2-конкурсунун, 1949-ж. Бухарестте өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар менен студенттердин фестивалынын лауреаты. Чет өлкөлөрдө (Польша, Германия, Бельгия, Венгрия, Австрия, Чехословакия ж. б.) гастролдо болгон. Комп. Э. Есбаев, Б. Байкадамов, Ш. Калдаяков, Б. Жамакаевдин ырларынын аткаруучусу. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Эл Достугу ордендери менен сыйланган.

БАГЛАНОВА105.png