АБДЫКЕРИМОВ Кудайберген

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:21, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>, а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДЫКЕРИМОВ Кудайберген(1952-ж.т., Чүй обл., Кемин р-ну, Жаңы-Алыш айылы) – ветеринария илимд. доктору. К. И. Скрябин атн. КАЧИни бүтүргөн (1975). Эмгек жолун А.Дүйшеев атн. Кыргыз ветеринария ИИДе кенже ил. кызматкер болуп иштөө менен баштап, ошол эле жерде ил. кызматкер, улук ил. кызматкер, лабор. башчысы, директор , башкы ил. кызматкер. Анын негизги ил. иштери торпоктун ичеги-карын инфекцияларынын этиологиясын, патогендик бактериялардын түзүлүшүн комплекстүү изилдөөгө, торпоктун калибактериоз жана сальмонеллезге каршы вакциналык дарыларды иштеп чыгууга арналат. Анын 90дон ашык ил. эмг., анын ичинде 1 монография, сунуштар бар. Эмг.: Микробиологиялык эпизоотология. -Б. 2011.-357 С. (в соавт.).