АБДУВАЛИЕВ Ибрагим

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:17, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(10. 05. 1947, Баткен обл., Баткен р., Үч-Дөбө айылы) – филология илимдеринин доктору (...) проф. (2016). Ош ш-ндагы башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоо курсун аяктап, Баткен р-нун Ю. Гагарин орто мектебинде эмгектенген. Кийин Кыргыз улуттук ун-тинин филология ф-тетин бүтүрүп (1972–1977), Баткен жана Кант р-ндорунун мектептеринде эмгектенген (1977–1984), Кыргыз улуттук университетинде аспирантураны (1981–1983) сырттан окуп бутөт да, КР УИАсынын Тил жана адабият ин-тунун «Диалектология жана кыргыз тилинин тарыхы секторунда кенже, анан ил. кызматкер (1984–1988), «Кыргыз Совет Энциклопедиясында» «Манас» редакциясынын башчысы (1988–1990), И.Арабаев атындагы мамлекеттик педагогикалык университетинде Мамлекеттик тил жана маданият институтунда, «Кыргыз тили» кафедрасында улуу окутуучу, доцент (1990),аталган кафедранын башчысы (1992), профессорлук милдет аткаруучу (1999), 2004-жылдан баштап Жалал-Абад мамл. ун-тинин алдындагы Тилдер жана маданият ин-тунун директору. Негизги ил. багыты – кыргыз тилинин лексикологиясы, грамматикасы, кыргыз тилинин орфографиясы жана кыргыз алфавити. «Манас» энциклопедиясын редакциялоого катышкан. 200дөн ашык ил. макала жазган. Эмг.: Кыргыз тил: окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 9-классы үчүн. Б., 2000; Кыргыз тили: морфология боюнча лекциялар курсу. Б., 2003; Филология маселелери. Б., 2012. ж. б.