АБДРАХМАНОВА Симийла

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:17, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДРАХМАНОВА Симийла (1944-ж. т., Чүй обл, Чүй р-ну, Кегети айылы) – педагог, КРдин эмгек сиңирген мугалими (1995), КРдин эл мугалими (2001). Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун музыкалык факультетин бүтүргөн (1967). Калинин р-нундагы Эркин-Сай орто мектебинде музыка мугалими (1967), башталгыч класстын мугалими (1976). Мектеп окуучуларына башталгыч билим берүүнүн дасыккан устаты болуу менен агартуу системасына кызмат өтөгөн. Бир нече конкурстардын («көргөзмөлүү сабак» д. у. с.) женүүчүсү.

АБДРАХМАНОВА26.png