«АНАР» балети

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:01, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АНАР» – кыргыз балети. Либреттосу К. Эшмамбетов менен Н. С. Холфиндики. Музыкасы композитор В. А. Власов менен В. Г. Ференики (балетти койгон – Н. С. Холфин жана В. В. Козлов, дирижёру – В. И. Чернов, сүрөтчүсү – Я. 3. Штоффер). 1940-ж. 7-ноябрда Фрунзедеги музыкалык драма театрында коюлган. «Анар» балети – кыргыз хореография өнөрүндөгү саамалык. Мында Октябрь революциясына чейинки турмушггук көрүнүштөр сүрөттөлөт. Окуя бир айылдын сулуусу Анар (А. Молдобаева, Г. Худайбергенова) менен койчу жигит Кадырдын (А. Мамакеев) тунук махабатынын жана алардын бактысына бөгөт болгон карамүртөз, ачкөз манап Багыштын (Г. Автандилов) ортосундагы күрөшгүн айланасында өнүгөт.

«Анар» балетинен көрүнүш. 1957-ж.

Балет 1957-ж. 2-жолу редакцияланып, кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвада өткөн 2-декадасында (1958) көрсөтүлгөн (Анар – Б. Бейшеналиева, А. Хандранова, Кадыр – У. Сарбагышев, Батыш – А. Карасев, Б. Суслов, балетмейстери - Н. С. Холфин, дирижёру – К. Молдобасанов, сүрөтчүсү – А. Молдахматов). «Анар» азыркы күнгө чейин театр сахнасында коюлуп келе жатат.